Боб Дилан түрк тектүүбү?

Нобелдин сыйлыгына ээ болгон Боб Дилан чоң энесинин фамилиясы кыргызча болгонун айтты

589466
Боб Дилан түрк тектүүбү?

Быйылкы Нобель адабият сыйлыгынын ээси америкалык ырчы Боб Дилан өз жашоосун түшүндүргөн китебинде ата тегинин түрк экенин сөз кылды.

Боб Дилан жашоосундагы маанилүү учурларды түшүндүргөн 304 беттик хроникалар китебинин биринчи бетинде чоң энесинин түрк тектүү жана Трабзонлу экенин, фамилиясы кыргызча болгонун сөз кылды.

Өспүрүм кезинде Ричи Валенстин «In a Turkish Town» аттуу чыгармасын дайыма ырдап жүргөнүн жазган Боб Дилан: «Апамдын Нелли деген түрк досу бар эле. Биздин үйгө тез-тез келип турчу. Мен дагы ошол жылдарда, «La Bamba» аттуу ырын ар ким билген Ричи Валенстин сырдуу түрктөрдү жана асмандагы жылдыздарды түшүндүргөн «In a Turkish Town» аттуу чыгармасын ырдачымын»,- деди.

Китепте: «Чоң энем оор турмушту башынан өткөргөн. Түштүк Орусиянын порт шаары болгон Одессадан Америкага келишиптир. Ал жерге да Түркиянын Карадеңиз аймагынын порт шаары болгон Трабзондон көчүшүптүр. Чоң энемдин үй-бүлөсү негизи чакан кыштак болгон Кагызманлылыктардан болушат (Карс). Фамилиялары кыргызча экен. Чоң энемдин аталары Стамбулдан ушул аймакка келишиптир. Чоң атамдын үй-бүлөсү да ушул эле аймактан болот. Териден бут кийим тигүү иштери менен алектенишчү экен» дегени да орун алууда.

Боб Дилан Нобель сыйлык комитети тарабынан кечээ Американын музыкасына жаңы поэтикалык жанр кошкондугу үчүн Нобелдин адабият сыйлыгына татыктуу көрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар