Кыргызстан да орун алган Түрк Кеңешинин түзүлгөнүнө 7 жыл толду

Түрк Кеңешинин желеги куруучу 4 өлкөнүн желектеринин символдорун камтыйт.

582350
Кыргызстан да орун алган Түрк Кеңешинин түзүлгөнүнө 7 жыл толду

Кыскача аталышы Түрк Кеңеши (Түрк Консейи) болгон Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматаштык кеңеши, курулганынын 7 жылдыгын белгилеп жатат.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги ушул атайын күнгө карата куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.

Анда бул маанилүү күндүн түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда дагы күчтүү кызматташтык жана колдошууга себеп болушу тилеги баса белгиленди.

Анда айрыкча Түрк Кеңешинин Түрк республикаларынын ортосундагы кызматташтыгына кошкон салымдарына ыраазычылык билдирилди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматаштык кеңеши; Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын ортосунда курулду.

2009-жылы 3-октябрда кол коюлган «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматаштык кеңешинин курулганына байланыштуу Нахичевань келишими» менен Түрк Кеңеши, аймактык кызматташтык уюму катары уюмдашты.

Нахичевань келишиминин түзүлгөн күнү болгон 3-октябрь күнү мүчө өлкөлөрдө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматаштык күнү катары белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар