Анкарада Кыргыз - өзбек кафеси ачылды

Анкаранын бардык жеринен оңой менен жетүүгө боло турган жерде жайгашкан Кыргыз – өзбек кафесинен  Орто Азияга таандык даамдардын даамын сызууга болот

577925
Анкарада Кыргыз - өзбек кафеси ачылды
kırgız özbek kafe
kırgız özbek kafe
kafe6.jpeg
kafe4.jpg

Анкара шаарынын ортосунда Кыргыз  - өзбек кафеси Кыргызстандын кыргыз жана өзбек жарандары болгон Самат Кадыров жана Ислам Иманжановдун өнөктөшүүсү менен ачылды. Ачылууга  Түркиянын Анкара шаарында жашап жана иштеп жаткан Кыргызтан жарандары менен студенттер, жергиликтүү кыргыз жарандары катышты. Ачылуу аземи Таалайкүл Токтобекованын алып баруусунда жана уюштурган кызыктуу оюн – зоок менен өттү.

Уюштурулган оюн – зоок жана жарыштарда жеңүүчү болгон бир жаранга да Антальяда эс алуу жолдомосу  берилип калган жарышуучулар болсо кайсы күнү болсо болсун, кайсы тамакты тандаса тандасын акысыз тамак жеп кетүү менен сыйланды.

Анкаранын бардык жеринен оңой менен жетүүгө боло турган жерде жайгашкан Кыргыз – өзбек кафесинен  Орто Азияга таандык даамдардын даамын сызууга болот. Кафенин менюсунан палоо, лагман, самса жана башка тамактар орун алган.

Бул кафенин мекенинен алыс жүргөн кыргыз жарандарынын бир бири менен кезигишип, макетешип жана тамактанып отура турган, көңүл ачуу жери болуп, кафени иштеткен ишкерледин иштери ийгиликтүү болсун.



Тектеш кабарлар