БУУда Кипр боюнча үчтүк саммит өттү

Мустафа Акынжы эл аралык келишимде кепилдердин да болушу керектигин айтты.

577072
БУУда Кипр боюнча үчтүк саммит өттү

Кипр маселеси Бириккен Улуттар Уюмунда үчтүк саммитте каралды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Мустафа Акынжы жана Кипрдын Рум Башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун карамагында АКШнын Нью-Йорк шаарында жолукту.

Жыйналыштан кийин маалымат берген Пан Ги Мун, кипрдык лидерлер менен жемиштүү жолугушуу өткөргөндөрүн, кеңири келишим түзүш үчүн келип жеткен акыркы абалды карагандарын белгиледи.

Эки лидерди тең көрсөткөн аракеттери жана басылып өткөн жолдон улам куттуктаган Пан, тараптардын 2016-жылы кеңири келишимге жетишүү темасында каалоолору бар экенин баса белгиледи.

Бул мүмкүнчүлүккө жакшы баа берилиши керектигин айткан Пан, «Алдыбыздагы процесс Кипр үчүн абдан маанилүү. Убакыт абдан маанилүү. Мен жана БУУ, ийгиликтүү жыйынтыкка жетиши үчүн колубуздан келген аракетти кылабыз»,-деп айтты.

ТКТРнын президенти Акынжы да БУУдан процесске дагы көбүрөөк салым кошуусун өтүнгөндөрүн белгилеп, «Октябрь айында кайрадан тыгыздаштырылган сүйлөшүү процессине киребиз. 2016-жыл максаты бар. Кипрда кааланган тынчтык эки жакты тең ыраазы кылып эки тараптуу кабыл алынган тынчтыктын шарттарын бул иштер менен камсыздайбыз. Анастасиадис менен кошо ар ким убакыт факторун билишет жана бул ишти кечиктирүү түшүнүгү эч кимге пайда алып келбейт»,-деп айтты.

Акынжы эл аралык келишимде кепилдердин да болушу керектигин айтты.

ТКТРнын президенти ТРТга берген атайын маегинде жолугушуулардын ийгиликтүү болушу үчүн Рум тарабынын да жакшы ниетине байланыштуу экенин айтты.

Президент Акынжы 3 айдын ичинде саясий макулдашууга жетишилбесе, ар кимдин өз жолун уланта турганы эскертүүсүн кылды.

Акынжы саммиттен кийин үмүттөрү артып артпаганы суралганда, Нью-Йоркко ансыз деле чоң күтүү менен келбегенин, бирок жылдын акырына чейин макулдаша турганы үмүтүнүн сакталганын айтты.



Тектеш кабарлар