Кипрдеги ишкерлердин дымагы күчтүү

Кипрдык ишкерлер биргелешип иш алып барууну каалашат.

575300
Кипрдеги ишкерлердин дымагы күчтүү

Кипрдык түрк жана рум ишкерлер Кипр маселесинин жашалгыдай жана иштетилгидей түрдө чечилишинин аралга маанилүү экономикалык пайдаларды алып келе турганына күчтүү түрдө ишенгендерин билдирди.

Кипр түрк соода палатасы (KTTO) менен Кипр соода жана өнөр жай палатасы (KEBE) биргелеше жарыялаган билдирүүсүндө эки коомчулуктун ортосундагы экономикалык кызматташуунун арттырылышы үчүн көп убактан бери чогуу иштегендерин белгилеп: «Биз, Кипр маселесинин жашалгыдай жана иштетилгидей түрдө чечилишинин аралга маанилүү экономикалык пайдаларды алып келе турганына күчтүү түрдө ишенүүдөбүз»,-делди.

Бул көз караш боюнча ар бир эки палатанын тең аралда келишим жолу менен Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагында ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн керектүү шарттарды жаратуу муктаждыгы баса белгиленген ачыктоодо, көп жылдардан бери ыраатсыздык булагы болгон жана коомчулуктардын экономикалык потенциясын тобу менен колдонууларын чектеген Кипр маселесинин келишим менен соңуна чыгарылышы үчүн эки лидердин жол башчылыгында жүргүзүлгөн тынчтык процессин колдоого алгандары сөз кылынды.

Эки уюм айрыкча келээрки муундарга дагы жакшы келечекти камсыздоо максаты менен лидерлердин коомчулуктарын жакшы багыттай алууларына жардам берүү үчүн бардык тараптарды оң салым кошууга чакырды.



Тектеш кабарлар