Азербайжан мамлекеттик нефть фонду СОФАЗ 100 миллиондук инвестиция салат
Европа реконструкция жана өнүгүү банкы менен кызматташтыкка мүмкүнчүлүк түзөрү жана инвестициянын жогорку киреше алып келери белгиленди
573170
![Азербайжан мамлекеттик нефть фонду СОФАЗ 100 миллиондук инвестиция салат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1252/3456/ecbc/57dfecf74b5b5.jpg?time=1718911494)
Азербайжан мамлекеттик нефть фонду СОФАЗ Европа реконструкция жана өнүгүү банкы фондуна 100 миллион евро инвестиция салат. СОФАЗдан берилген маалыматта инвестициянын аймакта чоң тажрыйбага ээ Европа реконструкция жана өнүгүү банкы менен кызматташтыкка мүмкүнчүлүк түзөрү жана инвестициянын жогорку киреше алып келери белгиленди.
64 өлкө катышкан Европа реконструкция жана өнүгүү банкы Орто Европадан Орто Азияга чейин көптөгөн өлкөдө дыйканчылык, энергетика, базис жана өнөр жай сыяктуу секторлордо узун мөөнөттүү инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатат.