Кипр маселесинде маанилүү мезгилди артта калтырдык

Кипр маселесине туруктуу чечим табыш үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн тыгыздаштырылган экинчи туру аяктады.

570858
Кипр маселесинде маанилүү мезгилди артта калтырдык

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы, тыгыздаштырылган сүйлөшүүлөрдүн экинчи турунун бүтүшү менен маанилүү мезгилди артка калтыргандарын айтты.

Акынжы: «2016-жыл «коопсуздук жана гарантиялар» маселесин да, «жер боюнча түзөтүүлөрүн» да чече тургандай жерге жеткирсин»,-деди.

Кипр маселесине туруктуу чечим табыш үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн тыгыздаштырылган экинчи туру аяктады.

Лидерлер бардыгы сегиз жолу чогулган тыгыздаштырылган сүйлөшүүлөрдүн экинчи турунан кийин биргелешкен жарыясын Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспин Барт Айде окуду.

Айде макулдаша албаган айрым темалар болсо дагы лидерлердин алгачкы төрт темада маанилүү жылыштарды кылганын айтты.

Туруктуу чечим табуунун 2016-жылы камсыздала алышы үчүн эки тараптын тең каалоосу бар экенине токтолгон Айде, 25-сентябрда Нью-Йоркто боло урган үчүнчү жыйында лидерлердин БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундан жеке кишилик колдоосун арттырышын талап кыла тургандарын айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы да Президенттик сарайына кайткандагы жарыясында маанилүү мезгилди артта калтыргандарын айтты.

Акынжы Нью-Йорктон кайтканда сүйлөшүүлөрдүн калган жерден улана турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар