Каримов Самаркантта акыркы сапарына узатылды

Каримовдун 25 жылдык бийлигинен кийин жаңы бийлик түзүмү кандай боло турганы белгисиз бойдон турат.

564533
Каримов Самаркантта акыркы сапарына узатылды
kerimov vefat 1.jpg

Мээсине кан тамышынын себебинен каза болгон Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бүгүн туулган жери Самаркантта он миңдеген киши катышкан жаназа зыйнатынан кийин, атасы жана энеси жаткан Самарканттагы көрүстөнгө коюлду.

Алгач Каримовдун сөөгү бүгүн Ташкенттен Самаркантка алып келинди.

Түркияны вице-премьер Тугрул Түркеш өкүлдүк кылган Самарканттагы расмиге көп сандаган өлкөдөн президенттер жана өкмөттүн өкүлдөрү да катышты.

Каримов ишемби күнү мээсине кан таамп ооруканага жаткарылган, Өзбекстан Парламенти жана Өкмөтү кечээ президентинин каза болгонун жарыялады.

1938-жылы туулган Ислам Каримов 1989-жылдан бери Өзбекстанды башкарып келген.

Бир тараптан өлкөдө 3 күн аза күтүү жарыяланды.

Каримовдун 25 жылдык бийлигинен кийин жаңы бийлик түзүмү кандай боло турганы белгисиз бойдон турат.

Каримовдун ордун ээлей турган ысым тууралуу спекуляциялар күн тартипте болушу Өзбекстанды ыраатсыздыкка алып бара турганы жөнүндөгү кооптонууларды да кошо ала келди.

Ислам Каримов 1991-жылы Өзбекстандын көз карандысыздыгы жарыяланышынан кийинки алгачкы өткөрүлгөн шайлоодо 86 пайыздык добушка ээ болуп Өзбекстандын алгачкы президенти болгон.



Тектеш кабарлар