Түркия кыйын кезеңде да ТКТРсын колдойт

Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы тарабынан кабыл алынды.

562820
Түркия кыйын кезеңде да ТКТРсын колдойт

Тышкы иштер мирнистри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Кипр темасындагы сүйлөшүүлөрдө чечим табууга колдоо көрсөтүү боюнча ар дайым ар кимден бир кадам алдыда болгонун айтты.

Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Мустафа Акынжы тарабынан кабыл алынды.

Делегациялар аралык жолугушуулар аяктагандан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүлдү.

Тышкы иштер мирнистри Мевлүт Чавушоглу сүйлөшүүлөр тууралуу:«Биз туш болгон ушундай кыйын кезеңде да колдообузду улантабыз. Бул аракеттердин тез арада жыйынтык беришин каалайбыз»,-деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы да сүйлөшүү процессинин болушунча жакшы уланып жактанын белгилеп, 2016-жылды чечим табуу жылы кылуу максаттарынан баш тартпагандарын айтты.

Акынжы Түркиянын чечим табуу аракеттерине чоң колдоо көрсөткөнүн жана буга дагы бир жолу күбө болгондорун кошумчалады.



Тектеш кабарлар