Евразияга сереп салуу-35

Украина кризисиндеги акыркы кырдаал

562253
Евразияга сереп салуу-35

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Украина кризисиндеги акыркы кырдаал жөнүндө сөз кылабыз.

Август айынын башында Украинанын чыгышындагы чыңалуу кайрадан күч алды. Украина менен Орусия акыркы эки айда бири-бирлерин саботаж, опузалоо, тыңчылык кылды деп күнөөлөштү. Маселени чечүүгө карата болсо эч жылыш болгон жок. Алгач акыркы айларда Украина кризисине байланыштуу болгон окуяларга кулак салалы.

8-июлда Германиянын канцлери Ангела Меркель, Орусиянын президенти Владимир Путин  жана Франциянын президенти Франсуа Оланд телефон аркылуу Украина маселесин сүйлөшүштү. Ушуга окшогон сүйлөшүү 13-июлда да болду.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы, 18-июлда Украинанын чалгындоо кызматы тарабынан Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атайын көзөмөлдөө миссиясына котормочу катары алынган Артем Шестаковдун Луганск Элдик Республикасында жашыруун маалымат чогултканы үчүн камакка алынганын жана күнөөлөөлөрдү кабыл алгандыгын билдирди.

«Украинская правда» гезитинин редактору орус Юрий Шеремет, 20-июлда Киевде унаасына жайгаштырылган бомбанын жарылышынын себебинен каза болду. Бул окуя азыркыга чейин аныкталган жок.

Украинадан бир жактуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялаган Луганск Элдик Республикасынын лидери Игорь Плотницкийге 6-августта Киев башкаруучулугу тарабынан кол салуу болгону айтылды.

Орусиянын Федералдык кызматы, 10-августта Украинанын Аскердик чалгындоо уюмунун 6-августта Крымга кирүүгө аракет кылганын билдирди. Кагылышууларда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына мүчө эки орусиялык каза болсо, Украина бул окуя менен эч байланышы жок экенин жарыялады. Украинанын башкы штаб төрагалыгынын билдирүүсүндө бул күнөөлөөлөр четке кагылды жана Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын билдирүүсү «чагымчылдык» экени айтылды.

Бул окуя тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын өтө коркунучтуу оюн ойногондугун, кагылышууларда эки орусиялыктын өлтүрүлүшүн жоопсуз калтырбай тургандарын баса белгиледи. Украина темасында батышка да кайрылган орус лидер, Киев өкмөтүн колгоо алуу үчүн батыштык башкаруучулуктардын так кадамдарды ташташы керектигин айтты.  

Украинанын президенти Петр Порошенко, өлкөнүн чыгыш чек арасындагы кыймылдуулуктан улам 11-августта Крым жана Донбасска жакын жердеги бардык армия бөлүктөрүнүн даяр турууга буйрук берди.

АКШнын вице-президенти Жо Байден 13-августта Украина менен Орусияны Крым темасында чыңалууну басаңдатууга чакырды.

Франциянын президенти Франсуа Олланд 18-августта өлкөсүнүн Украина кризисине чечүүчү жол табуу жана Минск келишимин күчүнө киргизүү максатында Нормандия форматынын алкагында жаңы жыйын үчүн даяр экенин белгиледи.

Украинанын президенти Петр Порошенко 19-августта кагылышуулар дагы да күчөп кете турган болсо аскердик көзөмөлдөө жарыялай турганын айтты. Президент Порошенко орус басып алуу коркунучунун дагы деле жогору экенин баса белгиледи. Ушул эле күнү 2014-жылы өлтүрүлгөн пилоттордун элесине эскерүү аземи өткөрүлдү.

18-20-август күндөрүнүн аралыгында болгон кагылышууларда украиналык үч аскер каза болду. Орусиялык жактоочулар болсо кагылышууларга байланыштуу Киев башкаруучулугун күнөөлөштү. Алар ок атпоо келишимине ылайык алдыңкы фронтто болбошу керек болгон оор куралдар менен бутага алынгандарын айтышты.

Крым жарым аралындагы аскердик чогулуулардын себебинен Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуу күчөсө, адистер Орусиянын аскердик бөлүктөрүнүн максатынын согуш эмес, Европага кысым көрсөтүп киргизген санкцияларын жоюу экенин сөз кылышууда. Ушул учурга чейин маселенин чечилиши жагынан эч бир жылыш болбогону, абалды курчутууга аракет кылынган аймактагы кол салуулардан ачык көрүнүп турат.

Бир тараптан Украинадан бир жактуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялаган Донецк жана Луганск Элдик Республикаларында 24-июлда өткөрүлүшү күтүлгөн шайлоолор 6-ноябрга жылдырылды. Азырынча бул шайлоолордун 6-ноябрда деле тараптардын макулдашуусунун алкагында өткөрүлүшү мүмкүн эмес.

Орусия-Украина бетме-бет келүүсү уланып жатат. Украинанын Министрлер кеңеши орус товарларына эмбаргону 2018-жылга чейин узартылышын көздөгөн токтомду күчүнө киргизди. Украинадагы Владимир Ленинге таандык эки миң чакты айкелдин миңден ашууну Орусия жек көрүүсүнүн себебинен кулатылды. Көрүнүп тургандай Украина маселеси кыска мөөнөттүн ичинде чечилчүдөй эмес.



Тектеш кабарлар