Евразияга сереп салуу-34

Gрезидент Режеп Тайип Эрдогандын Орусияга сапары

559403
Евразияга сереп салуу-34

«Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө президент Режеп Тайип Эрдогандын Орусияга сапары жөнүндө сөз кылабыз.

Президент Режеп Тайип Эрдоган 9-августта Орусияга расмий сапар жасады. Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы учак кризисинен кийин биринчи жолу Санкт-Петербургда жолугушушту. Алгач 1,5 саатка созулган эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүлдү. Андан соң эки өлкөнүн министрлери жана берки кызмат адамдары катышкан делегациялар аралык сүйлөшүүлөр болду. Жолугушууга дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнөн 200дөн ашуун журналист байкоо салды.

Делегациялар аралык жолугушуудан кийин эки лидер маалымат жыйынын өткөрүштү. Маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Путин иштиктүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн, өз ара мамилелерде эки тараптуу урмат-сыйдын алдыга чыкканын айтты жана карым-катнаштардын эки өлкөнүн элдеринин достугу жагынан абдан маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой эле Путин: «Ооба, абдан оор мезгилден өттүк, бирок түрк досторубузга бул кыйынчылыктардан ашып өтөөрүбүзгө ишенээрибизди айтып кетким келет»,-деди.

Түрк тараптын кризиске карабастан Түрк агымы долбоору боюнча так кадамдарды таштаганын сөз кылган Путин: «Түштүк агымында айрым чыгымдарга дуушар болдук. Түрк агымы Түштүк Агымына альтернатива эмес»,-деп айтты. Бул учурда Орусиянын энергетика министри Александр Новактын ушул эле күнү Түрк агымы үчүн өкмөттөр аралык келишимдин октябрь айында кол коюлушу мүмкүн экендигин жана биринчи куурдун курулушунун 2019-жылдын экинчи жарымында башталаарын айтканын белгилей кетели.

Маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн президент Эрдоган эки тараптуу алакаларды мурдагы абалына алып келүү жана дагы да өнүктүрүлүшүнө карата эки өлкөнүн бирдей пикирде экенин айттып: «Өз ара мамилелерди мурдагы абалына алып келүүдө чечкиндүүбүз»,-деди. Эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн уланаарын билдирген Эрдоган: «Сүйлөшүүлөрүбүздү бардык тармакта тыгыз улантабыз»,-деп айтты.

Аккую атомдук станциясына стратегиялык инвестиция статусу берилээрин белгилеген президент Эрдоган: «Түрк орус орток инвестиция фондунун түзүлүүсү боюнча макулдаштык. Коргоо өнөр жайы тармагында кызматташууну улантабыз. Аймактык маселелердин каралышы темасында Түркия-Орусия-Азербайжан үч тараптуу механизмдин түзүлүүсүнө да оң карап жатабыз. Кудай буюрса бул кадамдардын негизинде Анкара-Москва байланышын кайрадан ишеним жана достук байланышына айландырабыз»,- деп кошумчалады.

Маалымат жыйынынан кийин эки тараптуу алакалар жагынан алгачкы нерсе болду. Лидерлер Сирия маселесин маалымат жыйынынан кийин да бираз сүйлөшүштү. Сирия жыйынына байланыштуу кеңири маалымат берилген жок, бирок тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сирия кризиси боюнча Орусия менен үч тараптуу механизм түзүлгөндүгүн билдирди. 11-августта Санкт-Петербургда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги, Чалгындоо кызматтары жана Куралдуу күчтөрүнөн жооптуу кызматкерлер Сирия маселесин чечүүгө карата биринчи жыйынын өткөрүштү.

Президент Эрдогандын Орусияга сапары, Путин менен бирге эки өлкөдөн 20 ишкер катышкан жыйындан кийин аяктады.

Ушул эле күнү Орусия Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Түркия Улуу Улуттук жыйыны менен иштешүүнү баштай тургандарын айтты. Орусиянын вице-премьери Ольга Голодец болсо, 13-августта Түркия менен Орусиянын ортосундагы туризм, билим берүү жана иш алып баруу тармактарындагы алакалардын эң кыска мөөнөттүн ичинде эки тараптуу пайдалуу шарттардын негизинде кайрадан калыбына келээрин айтты.

Бул учурда 2018-жылы өтүүчү ФИФАнын Дүйнөлүк кубогунун тандоо турларына даярдык оюндарынын алкагында Орусиянын улуттук футбол командасы менен Түркиянын улуттук курама командасы 31-августта Антальяда достук мелдешин өткөрөт.

Президент Эрдоган Түркияда болгон төңкөрүш аракетинен кийин чет өлкөгө алгачкы сапарын Орусияга жасады. Бул сапар, учак кризисинен кийин чыңалган Түркия-Орусия карым-катнаштарынын оңолгондугун көрсөтүүдө. Учак кризисинен кийинки окуялар, эмнеси болсо дагы өз ара мамилелердин жогорку деңгээлде кармалып турулушу керектигин ортого салды. Бул боюнча Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын: «Ушул сыяктуу окуялардын кайрадан болбошу жана аскердик тармактарда жакын кызматташуу үчүн эки өлкөнүн башкы штабдарынын ортосунда түз байланыш түзүлдү»,-деп айтканы маанилүү эле.

Түркия менен Орусия аймактык маселелердин чечилүүсүнө карата үч тараптуу механизмдерди ишке ашыра баштады. Өткөрүлө турган Түркия-Орусия-Азербайжан үч тараптуу жыйыны, аймактык маселелердин чечилүүсү жагынан пайдалуу болот. Алдыдагы мезгилде Түркия-Орусия-Иран жыйынына да айланышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар