Евразияга сереп салуу-31

Түркияда 15-июлда болгон төңкөрүш аракетине каршы Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн лидерлеринин каршылык көрсөтүүсү

543781
Евразияга сереп салуу-31

 

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Түркияда 15-июлда болгон төңкөрүш аракетине каршы Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн лидерлеринин каршылык көрсөтүүсү жөнүндө сөз кылабыз.

15-июль түнү Түркияда төңкөрүш аракети болду. Бул төңкөрүш аракетине каршы саясатчылардын кыраакы мамилеси жана түрк элинин көчөлөргө чыгышынын негизинде бөгөт коюлду. 15-июль түнүнөн бери Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна чет элдик кесиптештери телефон аркылуу байланышып, колдоо көрсөткөндөрүн билдирип жатышат. Эртеси күнү көптөгөн өлкө түрк эли жана башкаруучулугуна колдоо көрсөтүү билдирүүсүн жолдоду. Алгач Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн жана бул өлкөлөрдүн лидерлеринин  билдирүүлөрүнө кезеги менен көз чаптыралы.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 16-июлда президент Эрдоганга телеграмма жөнөтүп, демократиялык жолдор менен шайланган өлкө лидеринин башында турган түрк элинин бардык кыйынчылыктарды ашып өтөөрүнө жана демократияны коргоп калуу менен ырааттуу өнүгүүсүн улантаарына ишенгендерин билдирди. Назарбаев телеграммасында, трагедиялуу окуяда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жаралуулардын тез сакайып кетишин каалады. Президент Назарбаев: «Тууган түрк элин биримдикке жана учурдагы абалда күчтүү болууга чакырабыз»,-деп айтты.

Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан боордош Түркия Республикасынын мыйзамдуу шайланган мамлекеттик бийлигин колдой тургандыгын билдирди. Бийликтин негизги булагы болуп бир гана эл саналат. Кыргызстан демократиялык жана эркин шайлоодо шайланган өлкө бийлигин алмаштыруу үчүн аскердик күчтү колдонуу жол берилгис деп эсептейт.
“Түркия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, биздин өлкөлөрдүн элдерин тарыхый жана бир туугандык байланыштар бириктирип турат. Биз түрк элинин акылгөйлүгүнө, аракеттеги контитуциялык түзүлүшкө каршы ар кандай тоскоолдуктарга бекем тура алаарына, адам укуктарынын жана эркиндигинин сакталышына ишенебиз. Кыргызстандын эли Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдойт жана Түркия Республикасында тез арада тынчтыкты, мыйзамдуулукту, тартипти камсыз кылууга чакырат”,-деп белгиледи Президент А.Атамбаев.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту. Анда Турсунбеков, Түркияда болгон окуяларга катуу кайгыргандарын билдирди. Сөз сүйлөөсүн түркчө уланткан Турсунбеков баатыр түрк эли саясатчылары, журналисттеринин биримдигинин негизинде демократияны коргоп калганын, мунун чоң ийгилик экендигин белгиледи.

16-июлда Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Эрдоганга телеграмма жолдоду. Алиев билдирүүсүндө төңкөрүш аракетин катуу айыптады. Азербайжандын Түркия мамлекетин жана түрк элин ар дайым колдогондугун белгилеген президент Алиев, түрк атуулдарынын демократиялык жолдор менен шайлаган өкмөтүн аяганы чейин колдой тургандарын сөз кылды. Ошондой эле Алиев 18-июлда президент Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү. Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу менен тынымсыз байланышып жаткандарын айткан Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Мемедияров төңкөрүш аракетинин кабыл алынгыс экендигин билдирди.

Ушул эле күнү Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов түрк эли менен Түркияга болгон колдоосун жана өлкөдө ырааттуулуктун кайрадан камсыздала турганына толук ишенгендигин билдирди. Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, төңкөрүш аракетине байланыштуу Түркия Республикасынан келген кабарларга Түркмөнстанда санаркоо менен байкоо салалынып жатканы белгиленди. Бердимухамедовдун түрк эли жана мамлекетине колдоосун сөз кылган билдирүүсүндө, Түркмөнстандын Түркияга тарыхы жана туугандык байланыштары менен жакын экендиги сөз кылынды.

 Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили 16-июлда: «Алгач Түркияда демократиялык жолдор менен шайланган өкмөткө колдообузду айтып кетким келет. Жеке өзүм президент Режеп Тайип Эрдоганды колдогонумду айтып кетейин» деген билдирүүсүн жолдоду. Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили болсо, 17-июлда Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен телефон аркылуу сүйлөштү. Квирикашвили түрк элин жана өкмөтүн демократияны коргоп калгандарынан улам куттуктады. Түркия-Грузия Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызмаатташтык кеңешинин биринчи жыйыны үчүн Анкарага келген Грузиянын премьер-министри Гиоргий Квирикашвили 19-июлда Түркиянын жогорку мартабалуу жетекчилери менен да жолугушту.

 Орусиянын президенти Владимир Путин болсо, 17-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып көңүл айтты. Кремлдин билдүүсүнө караганда Эрдоганга телефон чалган Путин, конституциялык мыйзамдардын негизинде кыймыл кылынышы керектигин жана күч колдонулушунун кабыл алынгыс экенин сөз кылды. Төңкөрүшчүлөргө каршы күрөштө каза болгон карапайым тургундар менен коопсуздук күчтөрү үчүн көңүл айткан Путин, кайрадан күчтүү конституциялык тартиптин түзүлүүсүн, ырааттуулуктун камсыздалышын каалады.

Бул учурда Орусиянын чалгындоо кызматтарынын Түркияда төңкөрүш аракети болоорун мурда эле билгендери жана Анкараны эскерткендери айтылган. Бул айтымдар боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга байланыштуу маалыматтары болбогонун айтты. Ага  карабастан Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу телеканалдагы билдирүүсүндө: «Төңкөрүш аракетине каршы күрөштүн алкагында эң күчтүү колдоо алган өлкөлөрдүн бири Орусия болду»,-деди.

Украинанын президенти Петр Порошенко да Түркияда болгон төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүп, Украинанын президент Эрдоганды жана түрк өкмөтүн колдогондугун билдирди. Порошенко 17-июлда Твиттер баракчасынан бөлүшкөн жазуусунда: «Демократиянын негизги принциптерине урмат-сый көрсөтүлүшү керек. Украина демократиялык жолдор менен шайланган Түркиянын өкмөтүн жана президентин колдойт»,- деген сөздөр орун алды.

Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн лидерлеринин билдирүүлөрүндө көрүнүп тургандай, 15-июль түнү Түркияда болгон төңкөрүш аракети кабыл алынгыс жана Түркиянын ырааттуулугу Евразия өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү. Евразиянын алдыңкы өлкөсү болгон Түркия Республикасы жана анын эли, 15-июль жана андан кийинки мамилеси менен ушул сыяктуу аракеттердин дароо мизин майтара тургандыгын дос, душман ар кимге көрсөткөн болду.



Тектеш кабарлар