ТИКАдан Азербайжанга колдоо

ТИКА «Жашоо жолунда биримдиктүү бололу» долбоорун баштатты.

540045
ТИКАдан Азербайжанга колдоо
bakü tika yardım.jpg

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКАдан азербайжандык мүмкүнчүлүгү чектелгендерге колдоо...

ТИКАнын Бакудагы Программа координаторлугу, Азербайжанда Жаштарга жардам фонду менен өнөктөшө мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн «Жашоо жолунда биримдиктүү бололу» долбоорун баштатты.

Бул долбоордун алкагында биринчи баскычта Бакуда мүмкүнчүлүгү чектелген 37 адамга дөңгөлөктүү коляска берилди.

Долбоор аркылуу Азербайжандын жалпысында мүмкүнчүлүгү чектелген 170 адамга дөңгөлөктүү коляска тапшырылат.



Тектеш кабарлар