Азербайжан Түркияга толук ишенет

Ровнаг Абдуллаев: «Түркия өкмөтүнө, элдин эркине, экономикасына жана ырааттуулугуна ар дайым болгондой эле толук ишенебиз»

534083
Азербайжан Түркияга толук ишенет

Азербайжандын мамлекеттик СОКАР мунай компаниясынын жетекчиси Ровнаг Абдуллаев Түркияга толук ишенгендерин, бул өлкөдөгү бардык инвестиция жана долбоорлорду ылдам түрдө уланта тургандарын билдирди.

Абдуллаев Фетуллахчы террордук уюмдун 15-июлдагы төңкөрүш аракети жана СОКАРдын келечекте Түркияда ишке ашыра турган иш-чаралары жөнүндө Анадолу агенттигине маек куруп берди.

Түркияда болгон төңкөрүш аракетине катуу капа болгондорун айткан Абдуллаев: «Түркия өкмөтүнө, элдин эркине, экономикасына жана ырааттуулугуна ар дайым болгондой эле толук ишенебиз. Президент Илхам Алиевдин Режеп Тайип Эрдоганга айтканындай Азербайжан эли түрк элин колдойт. Бул ар дайым ушундай болгон»,- деп айтты.

СОКАРдын Түркиядагы иш-чараларынан да сөз кылган Абдуллаев: «Түркияда жалпы наркы 81 миллиард доллардан ашкан жана Европанын энергия муктаждыгын камсыздоого карата долбоорлорубуз уланып жатат. «Стар» мунай зат ишканасы 2018-жылы ачылат. Эгей деңизи аймагынын эң чоң контейнер портун жакында ачабыз. Петкимдеги иш-чарабыз Түркияга жана экономикасына болгон ишеничибиздин символу. СОКАР катары Түркияда түздөн-түз жана кыйыр түрдө 40 миң кишилик үй-бүлөнү өкүлдүк кылуудабыз. Түркия биздин үйүбүз. Ушул күнгө чейин болгону сыяктуу мындан кийин да Түркиядагы инвестицияларыбыз көбөйүп уланат»,-деди.

Жакынкы тарыхта Азербайжанда да төңкөрүш аракети болгонун бирок маркум президент Гайдар Алиев жана элдин биримдигинин негизинде бул аракеттин ишке ашпай калгандыгын эске салган Абдуллаев, мамлекет менен элдин биримдүүлүгү Азербайжандын андан кийинки жылдардагы өнүгүүсүнүн негизин түзгөнүн баса белгиледи.

СОКАРдын жетекчиси Абдуллаев президент Эрдоган, өкмөт жана элдин биримдигинин негизинде Түркиянын дагы да чоң ийгиликтерге жетээрине ишенгенин айтты.



Тектеш кабарлар