Жүк ташуучу поезд Борбордук Азияга бара жатат

Поезддин ушул жуманын аягына чейин Ташкентке жетүүсү күтүлүүдө

527137
Жүк ташуучу поезд Борбордук Азияга бара жатат

Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда товар ташуу максатында алгачкы поезд каттамы башталды.

Өзбекстан басма сөзүндө орун алган маалыматка караганда, жуманын аягында Кытайдын түндүгүндөгү Хэбэй аймагынан Борбордук Азия өлкөлөрүнө көздөй алгачкы жүк ташуучу поезд жол тартты.

Жүк ташуучу поезддин Шицзячжуан, Тайюань жана Урумчи аркылуу Хоргос  чек ара капкасынан өтүп Казакстанга, ал жерден Алматы жана Чимкентке барып Өзбекстандын борбору Ташкентке жетиши күтүлүп жатат.

Поезддин 5 миң километрдик аралыкты 8 күндө басып өтүп, ушул жуманын аягына чейин Ташкентке жетүүсү көздөлүүдө.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн соода өнөктөштөрүнүн бири Кытай менен аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы тышкы соода көлөмү акыркы мезгилде ылдам көбөйсө, Борбордук Азия өлкөлөрүндө сатылган товарлардын чоң бөлүгүн Кытай товарлары түзүүдө.



Тектеш кабарлар