Түркмөнстан да Түркияга көңүл айтты

Түркмөнстан дүйнөлүк коомдук пикирдин террорчулукка каршы күрөшүү жана аны толугу менен жоюуга карата аракеттерин колдойт

520851
Түркмөнстан да Түркияга көңүл айтты

Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов Стамбулдагы кол салууга байланыштуу президент Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

Эрдоганга «Ардактуу досум» деп кайрылган Бердимухамедов телеграммасында Стамбулда болгон, көп сандаган адамдын каза болушуна жана жаракат алышына алып келген террордук кол салууга терең кайгыргандыгын билдирди.

Билдирүүдө Түркмөнстандын террорчулукту жана бөлүүчүлүктүн бардыгын айыпташы менен бирге, бул коркунучка каршы күрөшүү жана аны толугу менен жоюуга карата дүйнөлүк коомдук пикирдин аракеттерин колдогондугу баса белгиленди.

Ошондой эле: «Ушул оор мезгилде Түркмөнстан эли, өкмөтү жана жеке өзүмдүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын болсо тез арада сакайып кетишин каалаймын»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар