Евразияга сереп салуу-24

Евразия экономикалык биримдигинин саммити

511668
Евразияга сереп салуу-24

«Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Евразия экономикалык биримдигинин саммити жөнүндө сөз кылабыз.

2016-жылдын 31-майында Казакстандын борбору Астанада Евразия экономикалык биримдигинин Жогорку кеңеши кезектеги жыйынын өткөрдү. Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчыларынын жыйыны Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев,  Орусиянын президенти Владимир Путин, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Армениянын президенти Серж Саркисяндын катышуусунда өттү. Лидерлер уюмдун алкагында бүтүндөшүү жараянын ылдамдатуу, уюмдун башка  өлкөлөр жана уюмдар менен болгон байланышын күчөтүү боюнча пикир алмашышты жана бир топ маселе боюнча  макулдашышты.

Бул уюмдун кезектеги төрагасы Нурсултан Назарбаев жыйындагы сөзүндө, биримдиктин бүтүндөшүү деңгээлинин өтө жогору экендигин баса белгиледи. Назарбаев Евразия экономикалык биримдигинин Европа жана Азиянын ортосундагы байланыштын көпүрөсү болушу керектигин айтты.

Евразия экономикалык биримдигинде товар, тейлөө, капитал жана эмгек күчүнүн эркин болушуна байланышкан айрым маселелер бар. Белорусиянын президенти Алекстандр Лукашенко өз сөзүндө, мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы сооданы коргоо  маселеси толук чечилбегенин баса белгилеп, бардык мүчө өлкөлөр соода-сатык боюнча бири-бирине чоң жеңилдиктерди түзүүлөрү керектигин айтты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев да өлкөнүн биримдик интеграциясына бөгөт болгон айрым маселелерди атап өттү жана ушул сыяктуу тоскоолдуктардын кыска мөөнөттүн ичинде жоюлушу керектигин белгилеп, бүтүндөшүүнү тездете турчу кадамдардын ташталышын каалады.

Жыйында сөз сүйлөгөн Орусиянын президенти Владимир Путин: «Айтылган көйгөйлөрдү жок дебейм.  Мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода чектөөлөрүн жөнгө салуу жобосунун саны 422ден 342ге азайды.  Уюмдун  алкагында  2019-жылга чейин биргелешкен электр рыногу түзүлөт. Бул рыноктун мүчө өлкөлөр үчүн кирешеси 7 миллиард доллардан ашат»,-деди.

    Путин уюмдун Кытай жана Вьетнамдын ортосунда соода кызматташуусун түзүүнү пландап жатканын сөз кылды. Орусиянын президенти, Кытайдын «Бир муун-бир жол» долбоору менен биримдиктин өз ара мамилесин чыңдаш  керектигин белгиледи. Владимир Путин Евразия экономикалык биримдиги менен Европа Биримдигинин ортосунда кызматташууну башташ үчүн атайын конференция өткөрүү боюнча  Казакстандын сунушун да колдоду.

Жыйында 2016-2017-жылы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн макроэкономикалык саясатынын ишке ашуусу талкууланды. 2025-жылга чейин биргелешкен мунай зат менен жаратылыш газынын рыногунун түзүү, Сербия менен эркин соода аймагы келишимине кол коюу, Кытай Эл Республикасы менен ыңгайлуу шарттарда соода келишимин түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү улантуу, Вьетнам менен эркин соода келишиминин күчүнө киргизилиши боюнча бирдей пикирге келишти. Евразия экономикалык биримдигинин мындан кийинки жыйыны декабрь айында Москвада өтөт.

2014-жылдын 29-майында Астанада расмий түрдө түзүлгөн Евразия экономикалык биримдиги, артта калган эки жылдын ичинде өз ара бүтүндөшүүгө,  башка өлкөлөр  жана уюмдар менен соода-сатыкты өнүктүрүүгө  өзгөчө маани берүүдө. Ак Ордо сарайында өткөрүлгөн жыйында да ушул маселелер каралды. Биримдике мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 2016-жылдын 16-майында чогулуп,  Биримдиктин Иран менен эркин соода келишимин түзүү боюнча алдын ала сүйлөшүүлөрдү баштоону чечишкен. Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Нежефи Хошруди февраль айынын башында басма сөзгө берген маалыматында, өлкөсүнүн Евразия экономикалык биримдигине мүчө болууну ойлогонун айткан эле.

Өткөн апрель айынын аягында болсо Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясы жана  Кыргыз-Орус славян университети Бишкекте үч күндүк «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин Экономикалык өнүгүүсү» темасында  эл аралык конференция өткөрүштү. Бул  конференцияда Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөгү жаңыланууну өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле Жибек Жолу менен Евразия экономикалык биримдигинин экономикалык аймактарынын өз ара таасири каралды.

 Мындай аракеттерге карабастан, биримдике мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы интеграциянын оңой болбой тургандыгы Астанадагы  жыйында  сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев менен Александр Лукашенконун айткандарынан ачык көрүнүп турат.

Саммиттин алдында маалымат каражаттары чагылдырган протокол маселелери да биримдиктин ири мамлекет, чакан мамлекет деген адаттардан кутула электигин көрсөтүүдө. Анткен менен  Евразия экономикалык биримдиги жакынкы мезгилде дагы көп өлкө жана уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайт. Аймакка үстөмдүк кылган экономикалык кризистен чыгуунун абдан ыңгайлуу жолу да азырынча ушуга эле окшош көрүнөт.

 



Тектеш кабарлар