Анкарада кыргызстандыктардын поэзия кечеси өттү

Кыргызстандын эл артисти Түгөлбай Казаков Түркияда жашаган кыргыз жарандары менен жолугуп, чыгармачылыгы менен тааныштырды.

500402
Анкарада кыргызстандыктардын поэзия кечеси өттү

29-май күнү Анкарадагы Кыргызcтан достук жана маданият коомунун кеңсесинде Кыргызстандан барган композитор, публицист, коомдук ишмер, Кыргызстандын эл артисти Түгөлбай Казаков Түркияда жашаган кыргыз жарандары менен жолугуп, чыгармачылыгы менен тааныштырды.

Ошондай эле, жолугушууга Кыргызстандан келген журналисттер жана коомдун Анкарадагы мүчөлөрү катышып, поэзиянын жалындуу деми менен жан дүйнөлөрүн азыктандырып, Ала-Тоого болгон кусалыгын бир аз болсо да жазып алышты. 
Жолугушуунун башталышында, келген коноктор Түгөлбай Казаковду «Жамгыр» ырын ырдашып тосуп алышты. Кыргыз Коомдун Анкарадагы мүчөсү, профессор Гульзура Жумакунова, агайдын Кыргызстан маданиятына кошкон салымы зор экендигин эскерип, көптөн бери аны күтүп жатышкандыгын баса белгилеп, чогулган жаштардын Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктарын угуулары келгендиги тууралуу айтып өттү.

Түгөлбай Казаков сөзүн кыргыздар тууралуу баштап, чет өлкөдө жүргөн Кыргызстан үчүн эмгектенген атуулдарга ыраазычылыгын айтты.

«Дүйнөнүн бардык жеринде кыргыздар бар, алардын ичинде биздин өлкөгө салымын кошкондор көп. Биз сиздер менен сыймыктанабыз»,-деди эл артисти. Ошондой эле, ал Кыргызстанда болгон маданий жанылыктарды айтып, Тарых жана маданият жылында боло турган иш чаралар тууралуу маалымыт берип, келечектеги пландары менен тааныштырды.

«Бир нече маселерди чечүү үстүндө жүрөбүз. Тарыхчы, тилчилер араңарда бар болсо, изилдөө иштерин жүргүзүүгө салымыңыздарды кошуңуздар»,-деп баса белгиледи Т.Казаков.

Андан сырткары эл артисти, чет өлкөдө жүргөн кыргыздарды Кыргызстандын тарыхын билүүгө чакырды. 
«Чет жакта жүргөндөр өз тарыхын билүүгө милдеттүү. Себеби, башкалар сурап калганда, жер карабай тургандай болуп, айтып бериши керек»,-деди ал.

Композитор чыгармачылыгы тууралуу кеп козгоп, коноктордун суроосуна жооп берип, ырлырынын жаралуу тарыхын айтып берип, колуна комузун алып, мыкты кайрыктарды созолонтту.

Андан сырткары, коноктор да Т.Казаковдун ырларын ырдап, Таалайкүл Токтобекова агайга арналган өз ырын окуп, баарынын көңүлүн алды. 
Кеченин соңунда жылуу сөздөр айтылып, агайга арбын-арбын ийгиликтерин айтышып, келген коноктор мекенине болгон кусалыгын бир аз болсо да таркатышып, жаңы дем күч алып, баарына ыраазы болушту. Кыргызcтан достук жана маданият коомунун атынан сыйлуу белектер тапшырылды.



Тектеш кабарлар