Шанхай Кызматтатык Уюмунун саммити Ташкентте башталды

Өзбекстан Шанхай Кызматташтык Уюмуна 2001 - жылы кирген

496708
Шанхай Кызматтатык Уюмунун саммити Ташкентте башталды

Шанхай Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер кеңеши Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте башталды. Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектешен башкаруучусу Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов ачылууда сүйлөгөн сөзүндө жыйында 23 – 24 -  июнда Ташкентте өткөрүлө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде карала турган күн тартип жана кол коюлуусу күтүлгөн документтердин сөз болорун белгиледи.

Жыйында уюмга мүчө өлкөлөрдүн арасындагы карым – катнаштар, перспективалар менен бул өлкөлөрдүн уюмдун ичиндеги кызматташтык маселелеринин каралышы менен бирге тараптарды кызыктырган актуалдуу жана аймактык темалардын да каралуусу күтүлүүдө.

Жыйынга Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Казакстандын тышкы иштер министри Эрлан Идирисов, Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи, Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Тажикстандын тышкы иштер министри Сиражиддин Аслов, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун  баш катчысы Рашит Алимов жана уюмдун аймактык террор менен күрөшүү уюмунун аткаруу комитетинин директору Евгений Сисоев катышууда.

1996- жылы  Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажисктан тарабынан  курулган Шанхай Кызматташтык Уюмуна Өзбекстан 2001 -  жылы кирген. Шанхай Кызматташтык Уюмунда Индия, Афганстан, Иран, Монголия жана Пакистан байкоочу, Белорусь, Түркия менен Шри Ланка да диалог өнөктөшү катары орун алууда.



Тектеш кабарлар