Түркиядагы студенттердин жолугушуусуна кыргыз студенттер да катышты (видео)

Иш чарага жүздөгөн чет элдик студенттер катышты.

492699
Түркиядагы студенттердин жолугушуусуна кыргыз студенттер да катышты (видео)

Анкарада чет элдик студенттердин «5-Карьера күнү» деп аталган бүтүрүү кечеси өттү. Иш чарага жүздөгөн чет элдик студенттер катышты. Анкарадагы Соода палатасынын конгресс-борборунда орун алган бүтүрүүчүлөрдүн кечесине Түркия радио-теле компаниясы ТРТнын чет тилдеги уктуруулар жана көрсөтүүлөрү боюнча департаменти дагы катышып, куттуктоо сөзүн жолдоду. Түркиянын вице-премьери Ялчын Акдоган бүтүрүү кечесинин ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып: Түрк мамлекети 3 миллиондон ашуун качкындарга кучак жайганын, наристелерге, келечектүү жана билимдүү жаштарга ар дайым көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин, аны менен катар сомалиликтерге, афгандыктарга, кашмир, аракан жана уйгурларга да кол сунуп, жардам берүүгө далалат кылып жатышкандыгын билдирди. Ошондой эле саамалыктын ачылышына Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышып, эл аралык уюмдардын сапатту иш алып баруусуна жана алардын келечеги кандай деген суроонун алкагында сөз сүйлөдү. Жумушсуздук маселеси, табият кырсыктары жана башка проблемаларга кеңири токтолгон министр, аларды чечүүдө силердин билимиңер жана тажрыйбаңар зор мааниге ээ деп билдирди. Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар  башкармалыгынын төрагасы Кудрет Бүлбүл учурда Түркияга жакын жайгашкан Балкан, Кавказ жана Ыраакы Чыгыш Азиядагы мамлекеттер менен мамилени бекемдеп, өнүктүрүү максатында атайын программа иштеп жатышканын жарыялады. Буга байланыштуу Крым татарлары жана түркмөндөр менен мамилени бекемдеп, айрым маселелерди цивилизация жолу менен чечүүгө дагы кадам таштап жатышканын кошумчалады.

 Чет элдик студенттердин бүтүрүү кечесинин соңунда вице-прмеьер Акдоган, тышкы иштер министри Чавушоглу жана Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар  башкармалыгынын төрагасы Кудрет Бүлбүл мырзалар мааракенин алкагында уюштурулган сүрөт көргөзмөнү кыдырышты. Анын алкагында ТРТнын чет тилдер боюнча радио жана теле берүүлөр департаменти дүйнөнүн 41 тилиндеги уктуруу жана көрсөтүүлөрү боюнча сүрөт көргөзмөсүн дагы уюштурган. ТРТнын жогоруда аталган департаменти студенттерге кеңири маалымат берип, бүтүрүүчүлөрдү атайын Түркия радио-теле компаниясында тажрыйба топтоо үчүн практика өтүүгө жана кесипкөйлөрүн жумушка орноштурууга мүмкүнчүлүк бар экендигин баса белгилешти.



Тектеш кабарлар