Евразияга сереп салуу-19

1916-жылдагы Түркстан көтөрүлүшү

492640
Евразияга сереп салуу-19

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө 1916-жылдагы Борбор Азия аймагында орус падышачылыгына каршы жүргүзүлгөн улуттук көтөрүлүш жана анын бүгүнкү күндөгү жаңырыктары жөнүндө сөз кылабыз.

 1916-жылдын 4-июлунда орус падышачылыгына каршы жергиликтүү тургундар тарабынан Худжанд шаарында башталып 1917-жылга чейин бардык аймактарда таасирдүү болгон Түркстан көтөрүлүшүнө быйыл 100 жыл болот. Бул көтөрүлүш кадимки көтөрүлүштөрдөй эмес эле. Ал көтөрүлүштүн жаңылыктары бүгүнкү күндө да уланып жатат.

   Түркстан мамлекеттеринин 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүш жергиликтүү калктын демографиялык түзүлүшүнүн өзгөрүшүнө алып келди. Бул көтөрүлүштө аймактын элинен 750 миңдей кишинин  көз жумганы айтылып келет.

   Ушул көтөрүлүштүн таасири менен орус падышалыгы биринчи дүйнөлүк согушта ийгиликсиз болду жана Орусияда бийлик алмашты. Түркстан элинин орус падышачылыгынын зулум саясатына каршы чыгышы орус империясынын кулашына алып барды.

   Тарых бою согушуп келген Түркстан эли фронт жана фронттон тышкыркы кызматтардан баш тартып, орус падышачылыгынын адилетсиз мамилесинин мындан ары уланбай турганын билдирген.

    Арка-бел болчу өлкөлөрдүн арасында Осмон мамлекетинин турушу жана айрым Осмон офицерлеринин аймакта болушу да элдин көтөрүлүүсүндө таасирдүү болду.

   Түркстан эли ушул көтөрүлүш аркылуу өз жандарын аябастан орус падышачылыгынын колониялык саясатына каршы турган. Аймакка көчүрүлгөн славян калкына пайдаланууга берилген жерлер бийлик алмашкандан кийин кайра алынды. Элден алынып келген жана көтөрүлүшкө себепчи болгон оор салыктар жоюлган.

   1916-жылдагы Түркстан элинин улуттук боштондук күрөшүнүн себептери менен жыйынтыктарын  кыскача айтканда ушундай.

   1916-жылдагы Түркстан көтөрүлүшүндө көп сандаган жаранынан ажыраган өлкө катары Кыргызстан бул окуяга өзгөчө маани берүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 27-майында «1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө» жарлыкка кол коюп жана буга байланыштуу керектүү иштердин аткарылышын талап кылган. Эске сала кетсек Кыргызстандын Чүй жана Ысык-Көл облустарынын калкынын саны ушул көтөрүлүштүн айынан 40 пайызга азайган.

   Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстан, Тажикстан жана Түркияда 1916-жылдагы Түркистан көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгынын алкагында ар түрдүү симпозиум, дискусссия, көргөзмө жана жыйындар өткөрүлдү. Ушул сыяктуу иш-чаралар 2016-жылдын аягына чейин тийиштүү аймак өлкөлөрүндө улана бермекчи.

   Шиңжандан Каспийге чейинки жергиликтүү элге түздөн-түз тиешеси бар бул тема, бир гана 100 жыл толгон трагедиядан турбайт. Аймак эли бул окуядан жакшы сабак алышы керек, мындан кийин ушул сыяктуу окуялардын болбошу үчүн аракет кылышы зарыл. Борбор Азия республикаларынын мамлекеттик саясаты ушул сыяктуу окуяларды болтурбоо үчүн жасалышы  керек. Чек ара маселелери менен катар аймактагы актуалуу маселелер чоң мамлекеттердин кийлигиштирбей, өз ара тынчтык жана туугандыктын алкагында чечилүүсү керек.

 Аймак өлкөлөрүнүн ушул сыяктуу окуяларды чогуу эскерип, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзбөгөнү,  аймактык кызматташуу тууралуу терс пикир айтууга алып барат. Бирок мындай окуялар аймак өлкөлөрүн бири-бирине жакындатып, ортодогу айрым келишпестиктердин чечилүүсүнө өбөлгө түзөр жол катары колдонулушу керек эле. Ошондуктан Түрк Кеңеши, Түрк академиясы, ТүркПа, Түрксой сыяктуу эл аралык уюмдарга көбүрөөк жоопкерчилик түшүүдө. Улуттук боштондук күрөшүнө чыккандарга жасалган геноцид менен катар, 1916-жылдагы окуялар ар түрдүү багытта кеңири изилдениши керек. Каргашалуу окуянын 100 жылдыгы ушул темалардын такталышына өбөлгө болуп, ашууларда жаткан адам сөөктөрү кеч болсо да жерге коюлушу зарыл. Урматтуу окурмандар биз да ушул сыяктуу окуялардын болбошун тилейбиз.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар