Азербайжан - Армения кагылышуусу

Армения армиясынын ок атууларды токтотуу эрежелерин бузуусу менен бир аскердин шейит болду

492356
Азербайжан - Армения кагылышуусу

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабах кризисине туруктуу чечүүчү жол табуу максатында июнь айында кайрадан сүйлөшүү процессин баштайт.

Эки өлкөнүн президенттери Австриянын борбор шаары Венада Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму өткөргөн «Тоолуу Карабах» деген жыйында жолугушту. Венадагы жыйында Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын президенти Серж Саркисян Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун Минск тобунун кош торагалары Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШнын мамлекет катчысы Жон Керри жана Франциянын Европа боюнча ички иштер министри Халмер Десир менен жолугушту.

Алиев менен Саркисян туруктуу чечүүчү жол табуу максатында сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн келерки айда сүйлөшүү турун баштоо боюнча келишти.

Азербайжан жана Армениянын президенттери кагылышуулардын артуу рискин азайтуу үчүн ЕККУнун иликтөө механизминин эң кыска убакта жыйынтыкталуусу боюнча келишти. Жолугушууларда ЕККУнун кезектешкен башкаруучулугунун атайын өкүл офисинин кеңейтилүүсү, Эл аралык Кызыл Крест комитетинин коргоосу астында жоголгон кишилер тууралуу маалымат бөлүшүүнүн улантылуусуна да чечим чыгарылды.

1988 – 1994 -  жылдардын арасында болгон Тоолуу Карабах согушу Азербайжан жерлеринин 20 пайызын Армениянын басып алуусу менен бүткөн. Согуштан кийин Армениядан 200 миң, Тоолуу Карабахтан 1 миллион Азербайжан түркү бүгүнкү Азербайжанга көчүүгө мажбур болду. Тоолуу Карабахта ок атууларды токтотуу жарыяланган 1994 -  жыл 5 -  майдан бери чыккан маселелерге ЕККУнун ичиндеги Минск группасы чечүүчү жолдорду изденүүдө.

Ошол эле учурда Азербайжан  - Армения ортосунда чыккан кагылышууда Азербайжан армиясынан бир аскер шейит болду.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта Австриянын борбор шаары Венада өткөрүлгөн Тоолуу Карабах тууралуу ЕККУ жыйынынан кийин Армения армиясынын ок атууларды токтотуу эрежелерин бузуусу менен бир аскердин шейит болгону билдирилди. Азербайжан армиясынын да жооп катары ок атуусу менен каршы тарапта да жан жоготуунун болгону билдирилди.

Министрликтин жетекчилери мындан кийин боло турган окуялардын Армения армиясындагы жан жоготуулардын жоопкерчилигин толугу менен Ереван башкаруусунда болорун баса белгилешти.

 



Тектеш кабарлар