Анкарада, Крым татарларынын сүргүнгө айдалышы эскерилди....

Тунжер Калкай, Орусиянын 72 жыл мурдагы зулумдугун жана баскынчылыгын учурда кайра кайталап жатканын белгилеп өттү.

491194
Анкарада, Крым татарларынын сүргүнгө айдалышы эскерилди....

Анкарада, эне мекендеринен 72 жыл мурда сүргүнгө айдалган Крым татарларын эскериш үчүн «аза күтү митинги» өткөрүлдү.

Крым татар уюмдары платформасы тарабынан уюштурулган митинг үчүн Түркиянын ар кайсы облустарынан келген көп сандаган Крым түркү, «Ататүрк» маданият борборунун алдында чогулду.

Крым, Украина жана Түркия желегин көтөрүп жүргөн топ, ар түрдүү ураандарды чакырып, «Анадолу аянтына» келди. Топтогулар, тыгыз коопсуздук чара көрүлгөн текшерүүдөн өтүп митинг аянтына кошулду.

Түрк жана крым шейиттери үчүн таазим кылуудан кийинки иш-чарада, Түркия жана Крым улуттук гимдери ойнолду. Дуалар кылынган митингде Крым түркүлөрү да ырдалды.

Крым коомунун төрагасы Тунжер Калкай, Орусиянын 72 жыл мурдагы зулумдугун жана баскынчылыгын учурда кайра кайталап жатканын белгилеп өттү.

Украинанын адилетсиз түрдө басылып алынышына каршы чыккан Крым татарларынын күрөшүн уланта турганын баса белгилеген Калкай, бул күрөштө өздөрүнө колдоо көрсөткөн, абийир жана карапайымдыкты колдогондорго ыраазычылыгын билдирди.

Укрианын Анкарадагы элчиси Сергей Корсунский да «Крымдын басылып алынышына бөгөт боло албаганыбыз үчүн бүгүн дагы эле уялуудамын. Крымдын басылып алынышын чогуу соңуна чыгара турган күндөр жакын»,-деди.



Тектеш кабарлар