Азербайжан армиясы келишим менен аскер алат
Ыктыярдуу кызмат кылуу үчүн 19 - 40 жаш арасындагы кишилер кайрыла алат
485047
![Азербайжан армиясы келишим менен аскер алат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6a9b/262a/ad0d/572b410630661.jpg?time=1718810441)
Коргоо министрлигинен берилген маалыматта аскердик милдетин аткарган жана ыктыярдуу түрдө армиядагы милдетин улантууну каалагандардын караштуу болгон аскердик бөлүктөргө же куралдуу күчтөрдү машыктыруу борборуна кайрыла алышары белгиленди.
Ушул кезге чейин көп сандаган кишинин армияда кызмат кылуусу үчүн кайрылуулардын болгону белгиленген маалыматта 19 – 40 жаш арасындагы кишилердин сынакка кирери, даярдык курсунан ийгиликтүү өткөндөр болсо келишим менен аскерге алынары белгиленди.
Өткөн айда Азербайжан менен Армениянын ортосунда болгон катуу кагылышуулардан кийин көп сандаган азербайжандык ыктыярдуу түрдө армияда кызмат кылуу үчүн кайрылган.