Евразияга сереп салуу-17

Президент Назарбаевдин чет өлкөгө сапары

478785
Евразияга сереп салуу-17

«Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин 11-16-апрелдеги чет өлкөгө сапары тууралуу сөз кылабыз.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 11-16-апрель күндөрүнүн аралыгында Иран, Түркия жана Өзбекстанга сапар жасады. Бул сапарда маанилүү жолугушуулар өткөрүлүп, аймактык жана эл аралык көптөгөн маселе каралды.

Казакстандын президенти Назарбаев расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн алгач 11-апрелде Тегеранга барды. Назарбаев Ирандын президенти Хасан Рухани тарабынан Садабад сарайында салтанаттуу азем менен тосулуп алынды. Делегациялар аралык жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин эки президенттин карамагында айыл-чарба, технология, көркөм өнөр, соода, инвестиция, транспорт, банк иштери, темир жол жана деңиз транспорту тармагында 9 макулдашуу келишими менен катар жалпы 66 кызматташуу келишимине кол коюлду. Президент Назарбаев кол коюлган келишимдин 2 миллиард доллардык наркта экенин белгиледи жана мусулман өлкөлөрдүн биримдиктүү болушун каалаганын билдирди. Казакстандын президентинин Иранга сапары убагында жоон топ ишкерлер катышкан Иран-Казакстан бизнес форуму да Тегеранда өткөрүлдү.

Казакстандын президенти андан соң Түркияга келди. Назарбаев «Адилеттик жана тынчтык үчүн биримдик жана тилектештик» темасында Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун мамлекет жана өкмөт башчыларынын 13-жыйынына катышты. Казакстандын президенти Назарбаев жыйындын алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту жана эки лидер исламий байланыш тууралуу биргелешкен билдирүү жарыялашты. Назарбаев айрыкча Стамбулда Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Ияд бин Эмин Мадани, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 14-апрелде болсо Өзбекстанга расмий сапар жасады. 15-апрелде Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен Ташкентте жолугушкан Назарбаев аймактык жана эки өлкөнүн ортосундагы маселелерди сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө лидерлер экономика, соода, суу, энергетика, транспорт жана логистика менен катар эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын да талкуулашты.

Түрк дүйнөсүнүн аксакалы болгон Нурсултан Назарбаев аймак жана дүйнө саясатында өзгөчөлөнгөн саясатчы болуп саналат. Ирандын атомдук маселеси, Тоолуу Карабах маселеси, Орто Азиянын суу маселеси, Каспийдин укуктук статусу, Орусия-Түркия карым-катнаштары сыяктуу көптөгөн аймактык жана дүйнөлүк маселеде арачылык кылган жана өз көз карашын айта алган лидерлердин башында турат. Назарбаевдин Эрдоган менен чогуу саммиттин алдында жарыялаган биргелешкен билдирүүсү, Ислам Кызматташтык Уюмунун 13-саммитинин жыйынтык декларациясына кошулган. Айрыкча Түрк дүйнөсүнүн интеграция маселесинде белгилүү жылыш болгон болсо, мунун эң чоң колдоочусу жана пикир түзүүчүсү да Назарбаев.

Казакстандын Иран менен алакалары эмбарго мезгили менен катар ар дайым жакшы болгон. Жаңы мезгилде бул карым-катнаштардын дагы да бекемделе турганын айта алабыз. Транспорт, соода менен катар эки өлкөнүн экономикалык алакалары кийинки жылдарда жогорку деңгээлде болмокчу. Казакстан Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүгүн да колдойт.

Учак маселесинен кийин түрк товарларынын Орто Азия жана Казакстанга Каспий деңизи аркылуу ташыла башташы Түркия-Казакстан мамилелеринин бул тармакта дагы да бекемделишин камсыздайт.

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода көлөмү өткөн жылы 1,7 миллиард доллар болду. Бул эки өлкө Орто Азиянын негизги багытын түзгөнү үчүн алардын карым-катнаштарынын жогорку деңгээлде болушу аймактын келечеги үчүн да абдан маанилүү. Ушул алкакта суу сыяктуу аймактык маселелердин чечилүүсү үчүн Азербайжан менен Түркия ишке ашырган үч тараптуу механизмди Назарбаевдин аймак өлкөлөрү үчүн ишке ашырышы күтүлөт. Казакстандын тең салмактуу тышкы саясаты Евразия өлкөлөрүнүн карым-катнаштарына да оң чагылат. Назарбаевдин чет өлкөгө сапарында ар бир өлкөнүн ишкерлери менен жакындан байланышып, алар менен өз-өзүнчө сүйлөшүү талабы да мактоого арзырлык.

Программабызды даярдагандар Абдурасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар