Азербайжан-Армения чек арасындагы чыңалуу уланып жатат

Армениянын куралдуу күчтөрү, Азербайжандагы калктуу конуштарга миномет жана ракета атты.

478423
Азербайжан-Армения чек арасындагы чыңалуу уланып жатат

Азербайжан-Армения чек арасындагы чыңалуу уланып жатат.

Армениянын куралдуу күчтөрү, Азербайжандагы калктуу конуштарга миномет жана ракета атты.

Азербайжандын Коргоо министрлиги, Тертер шаары жана Капанлы айылына таңга маал Армения армиясы тарабынан замбиректин октору жана ракета атылганын билдирди.

Билдирүүдө, Армения армиясынын 82 жана 120 миллиметрдик минометтун окторун, 122 миллиметрдик D-30 танка окторун жана BM-21 үлгүсүндөгү реактивдүү ракета системаларын колдонгону белгиленди.

Азербайжан армиясынын да жооп кайтарганы жана Армения армиясына таандык аскердик буталарга сокку урулганы баяндалган билдирүүдө, чек арада мындан кийин боло турган кандайдыр бир окуяда жоопкерчиликти Армениянын аскердик-саясий башкаруучулугу алаары баса белгиленди.



Тектеш кабарлар