Армения Азербайжанды көкүтүүдө

Окуяда Арменияга таандык 1 танканын талкаланганы билдирилди.

477247
Армения Азербайжанды көкүтүүдө

Азербайжан менен Армениянын ортосунда чыңалуу уланууда.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында 23-апрель түнү башталган кагылышууларда Арменияга таандык 1 танканын талкаланганы билдирилди.

Коргоо министрлиги Армениянын эки ортодогу чыңалууну күчөтүп, Азербайжан армиясын активдүү аскердик операциялар үчүн көкүткөнүн жана бардык терс жыйынтыктарга Армения жооп бере турганын баса белгиледи.

Коргоо министрлиги армениянын куралдуу күчтөрүнүн Тертер аймагында фронтко жакын отурукташкан жерлерге оор куралдар менен кол салып, ок атпоо режимин көп жолу бузганы белгиленди.


Этикеткалар: #Азербайжан , #Армения

Тектеш кабарлар