Азербайжан Армения учагын атып түшүрдү

Азербайжан армиясы Арменияга таандык учкучсуз унааны атайын методдор менен атып түшүргөнүн жарыялады

474722
Азербайжан Армения учагын атып түшүрдү

Азербайжан армиясы Арменияга таандык учкучсуз унааны атайын методдор менен атып түшүргөнүн жарыялады.

Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда фронтто азери буктурмаларынын үсүтүндө учкан Арменияга таандык "DJI PHANTOM" моделиндеги учкучсуз аба унаасынын атып түшүрлгөнү белгиленди.

Фронтто кечээ да Армения армиясына таандык X-55 учкучсуз аба унаасы Азербайжан аскерлери тарабынан атып түшүрүлдү. Министрликтин башка бир маалыматында Армения армиясынын акыркы 24 саатта ок атууларды токтотуу эрежелерин бузууну улантып жатканы билдирилди.

Армения армиясы сексен эки миллиметрдик минометторду колдонуп, жүз он төрт жолу эреже бузганы, Азербайжан армиясынын да жооп кайтарганы билдирилди.



Тектеш кабарлар