Ош мамлекеттик теология факультетинде конференция болуп өттү

Конференцияга Йылдырым Беязыт жана Анкара университетинин мугалимдери катышты

467759
Ош мамлекеттик теология факультетинде конференция болуп өттү
  • Түркия дин иштери фонду Ош мамлекеттик университетинин теология факультети тарабынан өткөрүлгөн конференцияга Йылдырым Беязыт университетинин ислам илимдери факультетинин деканы профессор доктор Мехмет Үнал менен Анкара университетинин теология факультетинин мугалими доцент Абдүлжемил Исламоглу катышты.
  • Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде Йылдырым Беязыт университетинин ислам илимдери факультетинин деканы профессор доктор Мехмет Үнал «Кураанды түшүнүү жана анализдөө», Анкара университетинин теология факультетинин мугалими доцент Абдүлмежит Исламоглу «Адабиятыбызда Азырети Пайгамбар» деген темада конференция беришти.
  • Конференциядан кийин Өзгөндөгү имам Серахси күмбөзүнүн алдында 400гө жакын өзгөндүк окуучулар менен жолугушуу болду. Ханефи сектасынын улуу имамы Серахсинин алдында өзгөндүк балдарга жана окуучуларга дин иштери башкармалыгы тарабынан чыгарылган «Аңгемелер менен балдарга кырк хадис» аттуу чыгарманын кыргызча котормосу таркатылды.
  • Ош теология факультетинин декан орун басары доцент Ферхат Гөкче балдардын кызыгуусунан ыраазы экенин билдирип, жакынкы убакта «Кураан сүрөөлөрүн тааныйлы» аттуу чыгарманы да балдарга белек кылышарын кабарлады.


Тектеш кабарлар