Азербайжан кол салган жок, жооп кайтарды

Илхам Алиев, Азербайжан армиясынын ок атпоону бузбаганын, армян күчтөрүнүн провакацияларына ылайыктуу жооп кайтарганын айтты.

463876
Азербайжан кол салган жок, жооп кайтарды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Азербайжан армиясынын ок атпоону бузбаганын, армян күчтөрүнүн провакацияларына ылайыктуу жооп кайтарганын айтты.

Азербайжандын Азертаж маалымат агенттигинде орун алган кабарга караганда Азербайжандын президенти Алиев, Армения-Азербайжан чек арасында болгон чыңалуудан кийин Коопсуздук кеңешинин жыйналышын өткөрдү.

Алиев бул жердеги сөзүндө Армения күчтөрүнүн провакацияларына каршы Азербайжан армиясынын керектүү жоопту бергенин, операцияда фронт сызыгындагы бир канча стратегиялык жердин колго алынганын айтты.

Армениянын провакацияларына Азербайжан армиясы тарабынан ылайыктуу түрдө жооп кайтарылганын белгилеген Алиев: «Душманга чоң сокку урулду. Душман чоң жоготууга учурады. Душмандын таш талканы чыкканын айта алабыз»,-деди.

Армениянын максатынын аймакта учурдагы абалды коргоо болгонун, ушул себептен тез-тез ушундай провакацияларды кылып жатканын айткан Алиев: «Кайра биздин жерлерге кол салышты. Биздин аскер жана офицерлер каза болушту. Мунун артынан Азербайжан армиясы душмандын башын эзди жана эми алар дүйнөгө Азербайжандын ок атпоону бузганын айгайлап жатат. Биз ок атпоону бузган жокпуз, биз жөн гана алардын провакациясына ылайыктуу жоопту бердик. Армения провакацияларынан баш тартбаса, Азербайжан армиясы мындан кийин да аларды жазаландырат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар