Азербайжан - Армения кагылышуусу

Кагылышууда Азербайжан армиясынан лейтенант Галиб Зүлфүгарлы менен аскер Гафарали Хажыев каза болду.

459681
Азербайжан  - Армения кагылышуусу

Армения – Азербайжан фронтунда чыккан кагылышууда Азербайжан армиясынын эки аскери шейит болду. Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда кечээ Казак аймагында чек арадан өтүүгө аракет кылган армян күчтөрү менен Азербайжан аскерлеринин арасында кагылышуу чыкты.

Кагылышууда Азербайжан армиясынан лейтенант Галиб Зүлфүгарлы менен аскер Гафарали Хажыев каза болду. Армения аскерлери да жоготууга учуроо менен чегиништи.

Министрликтин жетекчилери каза болгон аскерлердин үй – бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтып, коргоо министри Закир Хасанов эки шейитке да үчүнчү даражада «жогорку аскердик кызмат» медалынын берилишине чечим чыгарды.

Фронттогу абалдын Азербайжан аскерлеринин текшерүүсүндө экени белгиленген маалыматта эл аралык мекемелер Армениянын провакацияларын айыптоого чакырылды. Азербайжан армиясынын бул жылы фронтто берген шейит саны жетиге жетти.



Тектеш кабарлар