Армения бир тараптуу ок атууларды токтотуу эрежесин бузду
Акрыкы бир жумада болгон кагылышууларда эки Азербайжан аскери жараланды
457456
Акрыкы бир жумада болгон кагылышууларда эки Азербайжан аскери жараланды. Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта Армениянын Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун Минск тобунун Нооруз жана Паскалия майрамдарында ок атууларды токтотуу режиминин бузулбашы тууралуу чакырууну бир тараптуу бузганы белгиленди.
Маалыматта Нооруз майрамында армян куралдуу күчтөрүнүн жарандык отурукташуу аймактарын да бутага алып ок атууларды токтотуу режимин бузганы жана кол салууда эки азербайжан аскеринин жеңил жараланганы белгиленди.