Анкарада түрк тилдүү элдердин искусство чеберлери өз өнөрлөрүн тартуулашты

Концерт Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) демилгеси менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин көмөгү астында өттү.

455806
Анкарада түрк тилдүү элдердин искусство чеберлери өз өнөрлөрүн тартуулашты

Кечээ, 21-мартта Анкаранын опера жана балет театрында түрк тилдүү элдердин искусство чеберлери Нооруз майрамына карата өз өнөрлөрүн тартуулашты. Концерт Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) демилгеси менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин көмөгү астында өттү.

«Дүйнө жүзүндөгү түрк тилдүү калктардын искусство чеберлери Нооруз майрамына карата даярдашкан концерттеринТүркиянын башка шаарларына да коюшмакчы. Алардын ичинен айрымдары Америкада Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Нью-Йоркто жана Вашингтондо да өз өнөрлөрүн тартуулашат. Нооруз – бул ынтымактын, шериктештиктин, тилектештиктин майрамы. Дүйнөнүн түрк тилдүү калктарынын искусство чеберлери Нооруз майрамына карата Түркиянын, Американын шаарларына концерт коюу менен бирге элдердин ортосундагы достукту, ынтымакты даңазалашат»,-деди Түрксойдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү Анкаранын опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын искусство чеберлери да Нооруз майрамына карата өз өнөрлөрүн тартуулашты. Эми 28-мартта Нью-Йоркто жана Вашингтондо да Кыргызстандын желегин желбиретишип, концерт коюшуп, кыргыз элин дүйнө жүзүнө таанытып, сыймыгын арттырышмакчы.

Дайырбек Мейманов-Кабар/.



Тектеш кабарлар