Түркия-Азербайжан кызматташуусу

Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйыны Анкарада өтмөй болду

451008
Түркия-Азербайжан кызматташуусу

Түркия менен Азербайжандын ортосунда бүгүн Бакуда өткөрүлүшү пландалган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 5-жыйыны Анкарада өтмөй болду.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Анкарада жекшемби күнү кечинде болгон террордук кол салууга байланыштуу жыйындын Бакунун ордуна Анкарада өткөрүлүшүн сунуш кылган эле.

Президент Режеп Тайып Эрдоган терроризмге каршы күрөшүү темасында Түркия менен конкреттүү тилектештик көрсөтүүнүн алкагында айтылган сунушту кабыл алып, ушул мамилесинен улам Алиевге ыраазычылык билдирди.

Эрдоган өткөн айда да аты аталган жыйын үчүн Бакуга сапарын 17-фералда болгон террордук чабуулдун себебинен жылдырган болчу.



Тектеш кабарлар