Азербайжан пайыздарды арттырды
Азербайжан Борбордук банкы саясий пайыз катнашын эки балл арттырып 5 пайыздан 7 пайызга чыгарды
444515
![Азербайжан пайыздарды арттырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/1747349571bakbayrak.jpg?time=1718830515)
Азербайжан Борбордук банкы саясий пайыз катнашын эки балл арттырып 5 пайыздан 7 пайызга чыгарды.
Азербайжан Борбордук банкынан берилген маалыматка караганда макро экономикалык ырааттуулуктун түзүлүшүндөгү максат жана финансы базарлардагы жаңылыктарга көңүл бурулуу менен саясат пайыз катнашы бүгүндөн баштап 7 пайыз деп белгиленди.
Азербайжан Борбордук банкы ликвидация операциялары үчүн пайыз коридорунун жогорку чегин 10 пайыздан 17 пайызга жогорулатып, астыңкы чекте бир өзгөрүү болгон жок жана 2 пайыздык катнашта кармалды.
Азербайжанда саясий пайыз катнашы 2016 - жылы 15 - февралда 3 пайыздан 5 пайызга чыгарылган.