Премьер - министр Давутоглунун Хожалы билдирүүсү

Премьер – министр Ахмет Давутоглу Хожалы кыргыны тууралуу билдирүү жарыялады

440421
Премьер - министр Давутоглунун Хожалы билдирүүсү
Давутоглу социалдык бөлүшүү сайты Twitterдеги эсебинен Хожалы кыргынынын 24 жылдыгынан улам билдирүү жарыялады. Давутоглу тарыхта кара так катары калган Хожалы кыргынында каза болгон азербайжандыктар үчүн көңүл айтты. Түрк калкынын жана адамзаттын жүрөгүндө кара так болуп калган Хожалы кыргынынан бери 24 жыл өткөнүн баса белгилеген Давутоглу : «Хожалы кыргынында каза болгон азербайжандык боордошторубуздун жаткан жери жайлуу болсун. Бир улут эки мамлекет болгон Азербайжандын тагдыры биздин тагдырыбыз, кубанычы кубанычыбыз»,- деди.


Тектеш кабарлар