Кыргызстан эли боордош Түркия эли менен кошо кайгырып турат
Президент Алмазбек Атамбаев Анкарадагы террордук актыга байланыштуу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты
435191
![Кыргызстан эли боордош Түркия эли менен кошо кайгырып турат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/9471744471atambayev.jpg?time=1718813718)
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда Анкарада адамдардын өлүмүнө алып келген террордук актыга байланыштуу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
«Кыргызстан эли боордош Түркия эли менен кошо кайгырып турат, ошону менен катар эле кандай гана түрдө болбосун террорчулукту чечкиндүү айыптайт", - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу сөздөрүн жолдоп, жабыр тарткандардын батыраак сакайышына тилектештигин билдирди.