Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун долбоору талкууланды

Бүткүл Дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюнунун программасына спорттун 26 түрү киргизилди

429018
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун долбоору талкууланды

3-4-февралда Бишкекте Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташтык кеңешинин (ТӨКК) эксперттик тобунун мүчөлөрүнүн 1-жыйыны болуп, Бүткүл Дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюнунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу КРнын Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Малыматка караганда, жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын, ошондой эле Түрк тилдүү Өлкөлөрдүн Кызматташтык кеңешинин башкы секретарынын орун басары Омер Кожамандын (Ömer Kocaman) жетекчилигинде ТӨККнын Секретариатынын өкүлдөрү катышты.
Эксперттик топ тарабынан Бүткүл Дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюнунун программасына киргизиле турган оюндун түрлөрү талкууланып, мелдешке спорттун 26 түрүн киргизүү чечими кабыл алынды. Алар: «Ордо», «Чоң ат чабыш», «Ат чабыш», «Жорго салыш», «Кунан чабыш», «Көк-бөрү», «Эр эңиш», «Джирит», «Алыш», «Кыргыз Күрөш», «Казахша куреш», «Гореш», «Гюлеш», «Аба Гюреш», «Сирым», «Мас-рестлинг», «Жөө атуу», «Ат үстүндө атуу», «Жаадан алыстыкка так атуу», «Тогуз коргоол», «Овари», «Бао», «Мангала», «Бүркүт салуу», «Чырга», «Үндөк», «Далба ойнотуу», «Тайган жарыш».

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар