Түркиянын даярдыгы

Түркия экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышууга даярданып жаткандыгын билдирди

427958
Түркиянын даярдыгы

2016-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин көмөгүндө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору А. Жаманкулов Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Х. Яйман менен жолугушуп, эки өлкөнүн мадният жана туризим тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулады.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнөн билдиргендей, 2016-жылы Түркия өлкөсүндө Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү пландалганы жана ошондой эле Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык Кеңешинин мүчөлөрүнүн өлкө башчыларынын катышуусунда Кыргызстанда Экинчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү белгиленгени Түркия республикасына маалымдалган. Түрк тарап аталган иш чарага Түркиянын өкүлдөрү катыша тургандыгын билдиришти.



Тектеш кабарлар