Алматыда Ч.Айтматовду эскерүү күнү өтөт

Чыңгыз Айтматов – дүйнөгө таанымал жазуучу, кыргыз жана орус адабиятынын классиги, жогорку деңгээлдеги сыйлыктардын ээси.

404826
Алматыда Ч.Айтматовду эскерүү күнү өтөт

Алматы шаарында “Мурас” кыргыз этномаданий биримдиги 14-декабрда улуу жазуучунун туулган күнүнө арналган аны эскерүү күнүн өткөрөт. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Чыңгыз Айтматов – дүйнөгө таанымал жазуучу, кыргыз жана орус адабиятынын классиги, жогорку деңгээлдеги сыйлыктардын ээси. Анын “Кылым карыткан бир күн...”, “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Кыямат”, “Касандра тамгасы” чыгармалары 176 дан ашык тилге которулуп, 128 өлкөдө басылып чыккан. Бул роман-притчалар дүйнөлүк адабияттын жетишкендиги болуп калды.
Башкы конок катары белгилүү тууганынын салтын улап келе жаткан жазуучунун иниси Асан Айтматов чакырылган, майдам учурунда анын китебинин бет ачары болот.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар