Омор Султанов Түркияда кыргызстандыктар менен жолугушту

Мекендештерибиз үчүн агайыбыз өзүнүн чыгармаларынан окуп берип терең ойго салды.

402326
Омор Султанов Түркияда кыргызстандыктар менен жолугушту

Кечээ, 6-декабрда Кыргыз Эл акыны Омор Султанов Түркиянын Анкара шаарында иштеп жана окуп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы “Кыргызстан достук жана маданият” коомунун Анкарадагы өкүлчүлүгүнүн баш катчысы Адилет Абишов билдирди.

“Акын, жазуучу Омор Султанов агайыбыздын 80 жылдык мааракеси жана "Түрк дүйнөсүнүн адабият тармагындагы жылдын адамы" сыйлыгына ээ болушуна карата 7-декабрда эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунда поэзия кечеси өткөрүлгөнү жатат. Мындай мыкты саамалыктан пайдаланып, Түркияда эмгектенип жүргөн мекендештерибиз, студенттер менен Омор Султанов агайыбызды түзмө-түз жолгуштуруу максатында "Кыргызстан достук жана маданият" коомунун Анкара өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, коомдун офисинде чакан поэзия кечеси өткөрүлдү. Мекендештерибиз үчүн агайыбыз өзүнүн чыгармаларынан окуп берип терең ойго салды”,-дейт А.Абишов.

“Ошондой эле мааракеге келген жазуучу Айдарбек Сарманбетов дагы О.Султановдун чыгармалары, басып өткөн жолу тууралуу маек кылды. Обончу, аткаруучу Абидин Темиров сөзү О.Султановго таандык чыгармаларды аккордеондун коштоосунда мыкты деңгээлде аткарып берип, Рыспай Абдыкадыров агайыбыздын ырларын созолонтуп көпчүлүктүн туулган жерге сагынуусун дагы да күчөтүп кечени көркүнө чыгарды. Кечени утурлай Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова эжебиз чет жерде жүрүп, Кыргызстандын патриоту болуп, бул жакта өзүнүн калеминен жаралган бир канча эмгектерин келген конокторго тааныштырды. Кеченин соңунда атайын келген коногубуз Омор Султанов агайыбызга Кыргызстан достук жана маданият коомунун Анкара өкүлчүлүгүнүн төрагасы Мирбек Жолдошбаевдин коомдун атынан агайга чакан белегин тапшырды”,-деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы туулган. 1954-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, 1959-жылы аяктайт. Анын эмгек жолу «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, бөлүм башчы, Кыргызстан жазуучулар союзунда катчы, төрага, «Ысык-Көлдү коргоо» фондусунда президенттик кызматтарды аткарат.
Омор Султанов көптөгөн ыр жыйнактардын, даректүү жана көркөм фильмдердин автору. Акындын чыгармалары орус, англис,испан, немец, чех, француз, поляк, монгол, украин ж.б. тилдерге которулган. Ал өзү дагы чет элдик авторлор, Александар Пушкин, Михаил Лермонтов, Бертольт Брехт, Пабло Неруда, Владимир Маяковский, Расул Гамзатов ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ошондой эле бир катар романдарды орус тилинде жазып чыгарган.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар