Каспий деңизинде бир нефть платформасында өрт чыкты

Өрттө 1 киши каза болуп, 29 кишинин дайынсыз жок экендиги билдирилди

402057
Каспий деңизинде бир нефть платформасында өрт чыкты

Азербайжанда Каспий деңизинде бир нефть платформасында чыккан өрттү көзөмөлгө алууга аракет кылышууда. Чыккан өрттө ушул кезге чейин 1 жумушчу каза болуп, 29 жумушчу жоголду.
4 - декабрда «Гүнешли» нефть аянтындагы бир нефть платформасында чыккан өрт 40 сааттан ашуун убакыттан бери көзөмөлгө алына албай жатат. Катуу борошодо суу астында газ түтүктөрүнүн сынуусу өрт чыккан учурда платформада 63 кишинин бар экени билдирилди.
Ыңгайсыз аба шарттарында жүргүзүлүп жаткан куткаруу иштеринде ушул кезге чейин 33 жумушчу куткарылып, 1 жумушчу каза болду. 29 жумушчудан кабар алына албай жатат. Азербайжандын президенти Илхам Алиев бул тууралуу иликтөө жүргүзүү үчүн мамлекеттик комиссиянын түзүлүшү тууралуу чечимге кол койду.
Президент Р. Т. Эрдоган президент Илхам Алиевге көңүл айтты. Кырсыктан улам Азербайжанда 1 күндүк аза күтүү жарыяланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар