Азербайжан транзит фуралардын жол акысын төмөндөттү

Баку – Актау – Баку багытында бир гана баргандагы жол акысы 1200, барып келүү акысы болсо 2100 доллар деп белгиленди

398239
Азербайжан транзит фуралардын жол акысын төмөндөттү

Азербайжан Казакстан менен Түркмөнстанга барган фуралардын транзит жол акысын 40 пайыз, Каспий деңизиндеги РоРо кемелеринин жол  акысын 20 пайыз төмөндөттү. Азербайжандын экономика жана өнөр жай министрлигинен берилген маалыматка караганда президент Илхам Алиевдин жолдосому менен курулган Транзит транспорт координация кеңеши Казакстандын Актау жана Түркмөнстандын Түркмөнбашы портторуна барган транзит фуралар үчүн процедуралардын жеңилдетилишине жана жол акысынын төмөндөтүлүүсүнө чечим чыгарды.
Фуралардын Баку – Актау – Баку багытында бир гана баргандагы жол акысы 1200, барып келүү акысы болсо 2100 доллар деп белгиленди. Чыгарылган чечим менен Азербайжандын транзит жүк ташуучулугунан алынган кирешенин арттырылуусу пландалууда.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар