Кулатуу–эр таймаш боюнча мелдеш өтөт

Кулатуу–эр таймаш боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары беттешет.

419623
Кулатуу–эр таймаш боюнча мелдеш өтөт

Эртең, 21-ноябрда саат 18:00дө Бишкектеги “Стронг” фитнес жана бокс борборунда спорттун кулатуу – эр таймаш түрү боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары беттешет. Аталган спорттун иш чара жаштардын манзатка азгырылуусунун алдын алуу жана каршы күрөшүү максатында өткөрүлүп жаткандыгын КРнын Өкмөтүнө караштуу маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Рафик Мамбеталиев бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди.
“Биз жаштардын маңзатка берилүүсүнүн алдын алуу максатында ар кандай спорттук жана түшүндүрүү иштерин да жүргүзүүдөбүз. Бул багытта эртең Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын кулатуу – эр таймаш боюнча курама командалары беттешмекчи”,- деди ал.
Ал эми КРнын кулатуу – эр таймаш боюнча федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышовдун айтуусунда, жалпысынан 11 салмак боюнча эки өлкөдөн 17ден 34 спортчу мелдешет. “КРнын Өкмөтүнө караштуу маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин колдоосунда өтө турган мелдештин жеңүүчүлөрү тууралуу маалымат “Шырдок” турниринин рейтингине жөнөтүлүп, ага ылайык өлкөнүн жана жеке спортчунун деңгээли аныкталат”,- деди ал.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар