Түркия Кыргызстанга 5 тез жардам унаасын берет

17-ноябрда Түркиянын КРдагы элчилигинде 5 тез жардам унаасын салтанаттуу берүү аземи болот.

366406
Түркия Кыргызстанга 5 тез жардам унаасын берет

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын маалыматы боюнча, 17-ноябрда Түркиянын КРдагы элчилигинде 5 тез жардам унаасын салтанаттуу берүү аземи болот. Аталган тез жардам унаалары жана медициналык жабдыктар министрликке кайтарымсыз негизде Түркиянын премьер-министринин аппаратына караштуу кызматташтык жана координация боюнча Түрк агенттиги тарабынан жеткирилет.Бериле турган унаалар–Мерседес маркасында, аппараттар Түркияда жабдылган.
Мындан мурда 2010 жана 2014-жылдарда берилген тез жардам унаалары менен бирдикте кыргыз тарапта 9 заманбап тез жардам унаасы болот.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар