Жарандарды биометрикалык паспорт менен камсыздоо

2016-жылдын экинчи жарымынан баштап биометрикалык паспорттор бериле баштайт

365733
Жарандарды биометрикалык паспорт менен камсыздоо

КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тутумунун туруктуу координатору, БУУнун өнүктүрүү программасынын КРдагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов менен жолукту.
МККнын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шайлоо процессин колдоонун алкагында мамлекеттик каттоо кызматы менен БУУнун өнүктүрүү программасынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жана өнүктүрүү планын талкуулашты.
Т.Сарпашев бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтар тутумуна биометрикалык технологияларды мындан ары жайылтуу боюнча жол картасы даяр болуп калды деп билдирди.
“Буга жарандарды биометрикалык паспорт менен камсыздоо дагы киргизилет. Бул багытта биз дымактуу тапшырмалар бергенбиз, атап айтканда 2016-жылдын экинчи жарымынан баштап массалык түрдө биометрикалык ID-паспорттор бериле баштайт. Биометриканы мамлекеттик кызматтар тутумуна жайылтуунун башкы максаты мамлекеттик кызмат алууда калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жарандардын өздүгүнүн коопсуздугун камсыздоо болуп саналат”,-деди Т.Сарпашев.
Өз кезегинде А.Аванесов МККнын төрагасына өзүнүн жаңы орун басарын тааныштырды.
А.Аванесов мамлекеттик кызматтар тутумуна биометрикалык технологияларды жайылтуу боюнча аткарылып жаткан иштерди баалап, бул багытта БУУнун өнүктүрүү программасынын жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биометрикалык ID-карт паспорттун негизинде шайлоочулардын идентификациясы боюнча пикир алмашышып, кызматташтыктын мындан аркы кадамын белгилешти.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар