Ибрагим Жунусов түрк компаниялары менен жолугушат

КРнын Түркиядагы элчиси төө бурчак импорттоого адистештирилген түрк компаниялары менен жолугушат.

415853
Ибрагим Жунусов түрк компаниялары менен жолугушат

Темир Сариевдин кыргыз төө бурчагын тышкы базарларга өткөрүүнү күчөтүү тууралуу тапшырмасына байланыштуу, КРнын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов төө бурчак импорттоого адистешкен түрк компаниялар менен жолугушуу үчүн Мерсин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Мерсин шаарында биржа бар, анда соода жүргүзүлүп, айыл чарба продуктыларына, анын ичинде төө бурчакка баалар коюлат. Ошондой эле, ал жерде төө бурчакты сатып алуу, баштыкка салуу жана сатуу менен алектенген Эркин экономикалык аймак жайгашкан.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар