Азербайжанда Конституция күнү белгиленүүдө

Азербайжандын биринчи конституциясы 1995-жылы кабыл алынган.

415813
Азербайжанда Конституция күнү белгиленүүдө

Азербайжанда бүгүн Конституция күнү белгиленүүдө.
1995-жылы кабыл алынган конституция эгемендүү Азербайжандын биринчи конституциясы болуп саналат.
Азербайжан 1991-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин жаңы конституциянын долбоору даярдалды.
Көз карандысыз Азербайжандын биринчи конституциясы 1995-жылдын 12-ноябрында өткөрүлгөн референдум менен кабыл алынды.
5 бөлүм, 12 тема жана 158 беренеден турган конституцияга 2000-жылы жана 2009-жылы референдум аркылуу кошумча өзгөртүүлөр киргизилген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар