Азербайжанда бир айда эки министр кызматынан алынды

Президенттиктин расмий сайтынан берилген маалыматта Алиевдин министр Аббасовдун кызматтан алынышы тууралуу чечимге кол койгону билдирилди

416166
Азербайжанда  бир айда эки министр кызматынан алынды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев коммуникация жана жогорку технологиялар министри Али Аббасовду кызматынан алды.
Президенттиктин расмий сайтынан берилген маалыматта Алиевдин министр Аббасовдун кызматтан алынышы тууралуу чечимге кол койгону билдирилди. Маалыматта 2004 - жылдан бери коммуникация жана технологиялар министри катары кызмат кылган Аббасовдун кызматынан кетүүсүндөгү себеп белгиленген эмес.
Алев 17 - октябрда да Улуттук Коопсуздук министри Элдар Махмудовду кызматынан алып, андан кийин минисрликтин жогорку мартабалуу кызматкерлери камоого алынган. Өткөн күндөрдө коммуникация жана жогорку технологиялар министрлигинин башкаруу иштери боюнча директору да камоого алынып, мунун улуттук коопсуздук министрлиги тууралуу жүргүзүлгөн териштирүүнүн уландысы болгонун ортого салган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар