Бишкекте дүйнөлүк балеттин жылдыздары концерт коюшат

Концертте Франция, Германия, Түркия, Куба, Эстония, Казакстан жана Латвиядан келишкен бийчилер өнөрлөрүн тартуулашат.

415214
Бишкекте дүйнөлүк балеттин жылдыздары концерт коюшат

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында 25-26-ноябрда дүйнөлүк опера жана балет өнөрүнүн жылдыздарынын катышуусунда концерт болот. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Концертте Франция, Германия, Түркия, Куба, Эстония, Казакстан жана Латвиядан келишкен бийчилер өнөрлөрүн тартуулашат.
Аны “Про Арт” жана “Прима” коомдук фонддору уюштурууда.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар